440 киши коронавирус жуктуруп, 524 адам сакайып кетти. Жаңы статистика

Коронавирус жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жашагандар. Бул аймактардын ар биринде ооруп калгандардын саны күн сайын 100дөн ашууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 440 адамдан коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 524 бейтап ооруну жеңип чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 109;
  • Ош шаары — 17;
  • Чүй облусу – 162;
  • Ош облусу – 24;
  • Талас облусу – 13;
  • Нарын облусу – 14;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 39;
  • Баткен облусу – 25.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 132;
  • Ош шаары – 35;
  • Чүй облусу – 137;
  • Ош облусу – 33;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 69;
  • Жалал-Абад облусу – 49;
  • Баткен облусу – 52.

ЖАМК: абактагы 100дөй адам коронавирус жуктуруп алган, каза болгондору да бар
Жалпы жуктургандардын саны 74 373кө жетип, 66 113 бейтап айыкты. Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус төрт адамдын өмүрүн алып, каза тапкандардын жалпы саны 1 285 болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Анын үчөө ооруну кызыл зонадан илештирген.

Коронавирус жуктурган медиктер:

  • Чүй облусунда – 5 (кызыл зонадан 1);
  • Ош шаарында – 1;
  • Ош облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 1 (кызыл зонадан 1);
  • Ысык-Көл облусунда – 3;
  • Талас облусунда – 1 (кызыл зонадан 1).

Ошол эле учурда стационардан 10, үй карантининен 3 медкызматкер айыгып чыккан.