Пресс-борбор

Киши кайсы берене менен кесилсе да президент ырайым кыла алат. Эксперттин пикири

Эксперттин айтканына караганда, ырайым кылуу боюнча маселени алып чыгууда айып коюлган беренеден сырткары кылмышкердин ким экендиги да каралат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Мыйзам боюнча, президент кесилген кандай гана киши болбосун ырайым кыла алат. Бул туурасында президенттин алдындагы ырайым кылуу боюнча комиссиянын катчысынын эксперти Светлана Бондарева билдирди. Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн "Садыр Жапаров кимге ырайым кылды — абактагы 230 адамдын акталышы боюнча" деген аталыштагы брифингге катышты. 

Киши кайсы берене менен кесилсе да президент ырайым кыла алат. Эксперттин пикири

Анын билдиргенине караганда, ырайым кылуу боюнча маселени алып чыгууда айып коюлган беренеден сырткары кылмышкердин ким экендиги да каралат.

"Ырайым кылуу президенттин конституциялык укугу. Ал ар бирөөнө – киши өлтүргөн же ууру кылган адамга да ырайым кыла алат. Кылмыш ар кандай болушу мүмкүн, сунуштама менен ар бир эле адам кайрылышы да мүмкүн. Комиссия мамлекетке жардам берүү үчүн иштейт, тагыраагы, камалган адам боюнча берилген сунуштаманы бир канча критерийлерге таянып карайт", — деп түшүндүрдү Бондарева.

Эксперт ырайым кылуу менен мунапыстын айырмасын түшүндүрүп берди.

"Мунапыс — президент кол койгон мыйзам. Ага кирип калган адамдар болот. Мунапыска тиешелүү бир мөөнөт каралат. Ал эми ырайым кылуу ар дайым "иштейт". Мындайча айтканда, киши сунуштамага кайсы учур болбосун туш келип калышы мүмкүн. Кечигип, ага кирбей калдым деген нерсе жок ", — деди ал.

Контекст

Күзүндө президенттин милдетин аткарып жатканда Садыр Жапаров Жарлыкка кол коюп, анын негизинде абактан 230 киши бошотулган. 38 адамдын түрмөдө отуруу мөөнөтү кыскартылган. Буга чейин Жапаров абакта адилетсиз отургандарга ырайым кылууга даяр экендигин билдирген эле. Анын айтымына караганда, күнөөсүз адамдар тартип коргоо органдарынын айынан темир тордун ары жагына кирип калууда.