Адис ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керектигин айтты

Григорий Марченко Биринчи Евразия конгрессинде сүйлөп жатып, ЕАЭБде негизи багыттар жумушчу күч, товар, кызмат көрсөтүү жана капитал экенин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттеринин мындан ары өнүгүшү үчүн кызмат көрсөтүү жана капиталды өнүктүрүү жаатында кызматташуу керек. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы, учурда Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын жетекчисинин кеңешчиси Григорий Марченко билдирди.

Ал Биринчи Евразия конгрессинде сүйлөп жатып, ЕАЭБде негизи багыттар жумушчу күч, товар, кызмат көрсөтүү жана капитал экенин кошумчалады.

"Баамдап көрсөк, ЕАЭБде жумушчу күч менен эмгек 70 пайызга, кызмат көрсөтүүлөр 46 пайызга, капитал 40 пайызга либералдашты. Мындан ары өнүгүү жолунда болуу үчүн кызмат көрсөтүү жана капиталды өнүктүрүү жаатында кызматташуу керек", — деди Марченко.

Ошондой эле ал учурда ЕАЭБ 2001-жылы Биримдикти негиздөөчүлөр ойлогондон башкачараак нукта иштеп жатканын айтты. Бирок евразиялык интеграция жакшы жыйынтык берип жатканын танууга болбой турганын кошумчалады.