БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
4-декабрь саат 10:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 13 ооруканада 242 бош орун бар.
Коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканалар:
- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 14;
- Улуттук хирургия борбору — 7;
- Улуттук госпиталь — 25;
- Улуттук госпиталдын урология борбору — 19;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 13;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 10;
- №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 33;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 16;
- Темир жол ооруканасы — 5;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 24;
- Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 3;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 10;
- Республикалык наркология борбору — 63.
Соңку маалыматтар боюнча, өткөн суткада 440 адамдан коронавирус аныкталып, 524 бейтап ооруну жеңип чыкты.
Тилекке каршы, бир суткада төрт адам өмүрү менен кош айтышкан.