Бишкек мэринин орун басары алмашты

Мэрдин жаңы орун басары Азамат Сагындык уулу буга чейин мэриянын алдындагы Жер ресурстары башкармалыгын жетектеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкек мэринин жер, архитектура жана курулуш маселелери боюнча орун басары алмашты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мурда бул кызматты аркалаган Уланбек Азыгалиев өз арызынын негизинде жумуштан бошотулуп, анын ордуна Азамат Сагындык уулу дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Азамат Сагындык уулу буга чейин мэриянын алдындагы Жер ресурстары башкармалыгын жетектеп келген.