Кайгуул милициясы: "Асанбай" паркында жардыруу жасады деген киши кармалды

Маалымат түшкөндөн кийин Кайгуул милициясы сейил бакка барганда чындыгында эле белгисиз бирөөлөрдүн жардыруу уюштурганы аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы "Асанбай" паркында жардыруу уюштурду деген шектүү кармалды. Бул туурасында Кайгуул милициясынын башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Алгач милицияга 2-ноябрда борбор калаадагы "Асанбай" сейил багына белгисиз бирөөлөр жардыргыч зат ыргытып жиберди деген маалымат келип түшкөн. Кайгуул милициясы ал жерге барганда чындыгында эле бирөөлөр жардыруу уюштурганы аныкталган.

Бул иш боюнча милиция издөө иштерин жүргүзүп, 31 жаштагы жаран кармалып, андан ары териштирүү үчүн Октябрь райондук милициясына жеткирилген. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган ведомстводон учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканы айтылды.