БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 3-декабрь саат 23.59га карата 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.
- Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;
- Адахан Мадумаров — 39 856;
- Аймен Касенов — 46 270;
- Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
- Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
- Бабыржан Төлбаев — 58 029;
- Бактыбек Калмаматов — 35 300;
- Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
- Имамидин Ташов (саны белгисиз);
- Канатбек Исаев (саны белгисиз);
- Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);
- Клара Сооронкулова — 33 458;
- Кубан Чороев — 39 053;
- Курсан Асанов — 43 864;
- Равшан Жээнбеков — 39 874;
- Рашид Тагаев — 40 651;
- Садыр Жапаров — 59 998;
- Саматбек Ибраев (саны белгисиз);
- Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);
- Эльдар Абакиров — 43 630.
Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.
Талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.