Алыс жолдо абайлаңыз! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого, зарыл жумуш жок болсо, тоолуу жолдорго сапарга чыкпай турууну сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрынан 5-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 45-115-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого, зарыл жумуш жок болсо, тоолуу жол менен сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайт.