Парламентте Соцфонд бюджетин 2019-жылы кандай сарптаганы каралды

Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 32,4 миллиард сом түшүп, республикалык бюджеттен милдеттүү түрдө 21,3 миллиард сом бөлүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышын карап, добуш берүүгө жөнөттү.

2021-жылдан тарта айрымдар салык отчетун электрондук форматта берүүгө өтөт
Бюджеттин аткарылышы боюнча Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева маалымат берди. Анын айтымында, былтыр Социалдык фонддун кирешеси 53 миллиард 843 миллион сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 2 миллиард 829,3 миллион сомго көбөйгөн.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 32 миллиард 399,4 миллион сом түшүп, план 98 пайызга аткарылды. Ал эми республикалык бюджеттен милдеттүү түрдө 21 миллиард 34 миллион сом бөлүнгөн.

Ошондой эле туумдардан, айыптардан, күнүмдүк калдыктардын пайыздарынан, дивиденддерден жана башка ушул сыяктуу булактардан 404,6 миллион сом киреше алынган.

Ал эми чыгымдары 53 миллиард 506,3 миллион сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 3 миллиард 196,6 миллион сомго көбөйгөн.

"Пенсиялык фондго 49 миллиард 131,7 миллион сом чыгымдалган. 2019-жылы пенсионерлердин саны кескин түрдө өстү. Алсак, үч-төрт жыл мурун 15-16 миң гана пенсионер кошулса, быйыл 20 миңге өсүш болду. Мында 1-октябрдан тарта пенсиянын жогорулатылгандыгын да эске алуу зарыл", — деди Жуматаева.

Ошондой эле жыйында орточо пенсия 5 786 сомду түзгөнү айтылды. Анын ичинде пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сом өлчөмүндө белгиленип, 100 сомго жогорулаган.

Соцфонддун 2019-жылга карата отчётун бекитүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.