БШК: эки талапкер кол топтоо баракчасын тапшырып, бир нечеси күрөө төлөдү

Бүгүн кол топтоо баракчасын тапшыруунун акыркы күнү. Талапкерлер эң аз дегенде 30 миң шайлоочунун колун чогултушу керек. Ошондой эле президент болчулар шайлоо күрөөсүн да (1 миллион сом) бүгүн төгүшү шарт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Президенттикке талапкерлердин экөө кол топтоо баракчасын тапшырып, бир нечеси шайлоо күрөөсүн төктү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Ал бүгүн кол топтоо баракчасын тапшыруунун (эң аз дегенде 30 миң) жана шайлоо күрөөсүн (1 миллион сом) төгүүнүн акыркы күнү экенин эскертти.

"Кечээки күнгө карата беш же алты талапкер шайлоо күрөөсүн төктү. Ал эми кол топтоо баракчасын эки киши тапшырды. Кол топтоо баракчасын кечээ кечинде Бабыржан Төлбаевдин өкүлдөрү көрсөтсө, бүгүн эртең менен Садыр Жапаровдун адамдары алып келди. Бул экөө тең шайлоо күрөөсүн төккөн талапкерлердин ичинде", — деди Бекматов.

Төрайымдын орун басарынын айтымында, президент болом деген талапкерлердин саны 45ке азайды.

БШКнын маалымат кызматы кол топтоо баракчасын тапшырган талапкерлердин толук тизмесин кийинчерээк бере турганын айтты.