Футболчу Серхио Рамос мушкер Конор Макгрегорго чакырык таштады. Видео

34 жаштагы Рамос машыгуу залында Макгрегордун басканын туураган видеосун жарыялап, алдына билдирүү жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мадриддик "Реал" клубунун капитаны Серхио Рамос ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго чакырык таштады. Футболчу мушкерге өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу кайрылган. 

34 жаштагы Рамос машыгуу залында Макгрегордун басканын туураган видеосун жарыялап, астына билдирүү калтырган.

"Конор, качан даяр болосуң?" — деген футболчу.

Өз кезегинде мушкер бул чакырыкка кечиктирбей жооп кайтарган.

"Даяр бол, менин досум! Алдыда чоң беттеш турат", — деп футболчунун постунун астына билдирүү калтырган Конор.

Чык рингге! Кулагын тиштеткен Холифилд атаандашы Тайсонго чакырык таштады
Эки салмактын экс-чемпиону Конор Макгрегор 23-январда UFC 257 мелдешинде кезектеги беттешке чыгат. 32 жаштагы ирландиялык мушкерге америкалык Дастин Порье атаандаш болот.

Рамос буга чейин машыгууда гол киргизип, Макгрегордун басканын туурап майрамдап, мушкерге кайрылган.

Өз кезегинде мушкер достору менен футбол ойноп жатып алыстан киргизген голун жарыялап, футболчуга жооп кылган. Рамос Макгрегорду "Реал" клубунун машыгуусуна чакырган болчу.