Сасык тумоодон арылуунун үч ыкмасы айтылды. Дарыгердин кеңеши

Бир карай келгенде адис сунуштаган ыкмаларды аткаруу анчалык кыйынчылык жаратпайт. Болгону киши аны дыкаттык менен аткарышы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Британиялык дарыгер жана алып баруучу Сара Жарвис сасык тумоодон тез кутула турган майнаптуу үч ыкманы санап бергендигин РИА Новости жазды

Биринчиси — тамакка себе турган чачыраткыч. Адис ал микробдон сактай турган ыкма экендигин айтты.

"Изилдөөлөр спрей сасык тумоонун белгилеринин созулуп кетишин кыскартып, оорунун уланып туруп алышын үчтөн бирге азайтат", — деген Жарвис.

Экинчи ыкмага эхинацея дарысын атады. Муну менен катар эле дарыгер анын натыйжалуулугу боюнча изилдөөлөрдүн карама-каршылыктуу жыйынтыгын эскерте кетти. Бул астра тукумундагы өсүмдүктөргө окшош көп илдетке даба болчу гүл.

Адис иммунитетти түшүргөн негизги азыктарды атады
Оорунун белгилеринен арылуунун үчүнчү жолу С витаминин ичүү же цитрус жемиштерин, калемпирди, брокколини, брюссель капустасын жана картошканы жеш керектигин билдирди.

Буга чейин дагы бир дарыгер Ирина Лизун суук жана жамгырлуу күндөрү ар кыл татымалдар сасык тумоонун алдын алууга жардам берерин айткан эле. Ал татымалдарды пайдаланып кишиге кубат берип, жылытуучу суюктуктарды жасап ичүүгө кеңеш берген. Булар башталып келе жаткан илдеттин белгисин жеңилдетерин айткан.