Пресс-борбор

Жапаровдун мунапысы менен абактан чыккан 230 адам кайсы кылмышы үчүн соттолгон

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун мунапыс берүү боюнча Жарлыгы менен 230 адам абактан бошотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мунапыс менен абактан бошотулган адамдар кайсы кылмышы үчүн соттолгону боюнча Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев маалымат берди. Ал "ЖАМКтын жетекчиси мунапыс, колониядагы экстремисттер жана уюшкан кылмыштуу топтор жөнүндө" аттуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун мунапыс берүү боюнча Жарлыгы менен 230 адам абактан бошотулуп, дагы 38инин жаза мөөнөтү кыскартылган.

Жапаровдун мунапысы менен абактан чыккан 230 адам кайсы кылмышы үчүн соттолгон
"Бул адамдар уурулук, бейбаштык, баңгизатын сактоо (сатуу максатында эмес) жана абактан качкандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан", — деди Эгембердиев.

Ал ошондой эле комиссияга жалпы жонунан 1800дөн ашык сунуш түшкөнүн айтып, мунапыс берүүнүн жол-жобосун эскертти.

Жапаровдун мунапысы менен абактан чыккандардын тизмесин ачыктоо талап кылынды
"Конституцияга ылайык, тийиштүү бир жаранга мунапысты президент берет. Ал эми президентке сунуш атайын комиссия тарабынан түшөт. Эгер комиссия мунапыс берүүгө негиз жок деген чечим чыгарса, анда бул боюнча президентке кабарланат. Ал эми арыз бергендерге мунапыс берүү сунушу четке кагылганы тууралуу маалымат жөнөтүлөт", — деди ЖАМКтын жетекчиси.

Эске салсак, Эгембердиев ЖАМКты 2020-жылдын октябрь айынын орто ченинен бери жетектөөдө.