Ошто үч автоунаа кырсыктап, эки жигит көз жумду

Окуя 3-декабрга караган түнү саат бирлер чамасында Ош шаарынын чыга беришинде катталган. Эки автоунаа бири-бири менен кагышып, үчүнчүсү четтеги тоонун боорун сүзүп токтогон.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Ош — Ноокат жолунда үч автоунаа кырсыктап, айдоочу менен жүргүнчү каза болду. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.

Ага ылайык, окуя 3-декабрга караган түнү саат бирлер чамасында Ош шаарынын чыга беришинде катталган.

Бишкектин четинде эл ташыган маршрутка оодарылып калды. Видео
Каршы багытта келе жаткан Honda Fit үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан. Анын кесепетинен Nexia автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай тоонун боорун сүзүп токтоп калган. Кырсык болгон жерде азиат тектүү, жашы 25-35 чамасындагы жигит жана Honda Fit үлгүсүндөгү унаалардын биринин айдоочусу, Ноокат районунун 25 жаштагы жашоочусу каза болгон. Дагы беш киши жабыркады.

Учурда кырсыктын себеби териштирилип жатат.