Пресс-борбор

КРде канча киши түрмөдө отурат, канчасы оор кылмыш жасаган. Сандар

Аскат Эгембердиевдин айтымында, былтыркыга караганда түрмөгө түшкөндөрдүн саны 2,5 миң кишиге кыскарган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүнкү күндө абактарда тогуз миңге чукул киши отурат. Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Аскат Эгембердиев айтып берди.

Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн "ЖАМК жетекчиси мунапыс, абактагы экстремисттер жана уюшкан кылмыштуу топко байланышкан кырдаал боюнча айтып берет" деп аталган брифингге катышты.

КРде канча киши түрмөдө отурат, канчасы оор кылмыш жасаган. Сандар
"Абактагылардын жалпы санынын 36 пайызы оор кылмыш, ал эми 38 пайызы өтө оор кылмыш менен түшкөн", — деди Эгембердиев.

Анын айтымына караганда, жыл башынан бери түрмөгө түшкөндөрдүн саны 2,5 миң адамга кыскарган.

ЖАМК: абактагы 100дөй адам коронавирус жуктуруп алган, каза болгондору да бар
"Быйыл апрель окуяларынын 10, Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата мунапыс боюнча мыйзам чыккан. Анын алкагында абактан 60 киши бошотулуп, 800үнүн мөөнөтү кыскартылган", — деп билдирди ЖАМК башчысы.

Ал ведомствонун алдында абакта отургандардын жаза мөөнөтүн кыскартууну караган атайын комиссия иштей турганын айтты.

Эгембердиевдин билдиргенине караганда, жыл башынан бери комиссия 1 120 кишинин арызын карап, анын ичинен 500 жаран жатак абагына которулган.

1800дөн ашуун адам катуу тартиптеги абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Эгембердиев алар кылмышка кайталап баргандар экендигин түшүндүрдү.