Министр Казакбаев АКШ элчиси менен сүйлөштү. Ортодо эмне кеп болду

Кыргызстандын тышкы иштер министри АКШ элчиси менен сүйлөштү. ТИМдин маалымат кызматы дипломаттар эмнелерди талкуулаганын айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын элчиси Дональд Лунун сүйлөшүүсүндө кыргыз тарап Америка элчилигинин өлкөдөгү окуяларга байланыштуу билдирүүлөрүнүн маанисин белгиледи. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу видеобайланыш аркылуу өттү.

Дипломаттар өз ара пикир алышып, экономикалык кызматташтык, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коррупцияга каршы аракеттенүү, ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташуу маселелерине токтолду. Өлкөдө саясий системанын инклюзивдүүлүгүн андан ары өнүктүрүүгө, демократиялык институттарды жана мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган радикалдуу реформаларды жүргүзүү боюнча биргелешип аракеттенүү зарылдыгы тууралуу макулдашылды", — деп айтылат билдирмеде.

АКШ элчилиги Кыргызстандагы окуялар боюнча байма-бай комментарий берип турат. Жакында дипломатиялык өкүлчүлүк АКШ президенттикке талапкерлердин конституциялык реформа боюнча референдумду жазга же андан кийинкиге жылдыруу сунушун колдой тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан. Ошол эле учурда АКШ конституциялык реформа кандайча жүрүшү керектигин көрсөткөн.