Бороновдун жардамчысы: экс-премьер реанимацияда эмес

Буга чейин саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатат. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Буга чейин саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан.

Коронавирус дагы 420 кишиден табылып, 400 бейтап айыкты
Турдумамбетовдун айтымында, Бороновго коронавирус деген диагноз коюлган. Ал эми анын пневмонияга кабылганы туурасында маалыматы жок экенин белгиледи.

Экс-премьер учурда стационарда, абалы туруктуу.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.