БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Франциялык Стефани Фраппар тарыхта УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешиндеги беттешти тейлеген алгачкы аял-калыс болду. Бул тууралуу Европа футбол уюмунун расмий сайтында айтылат.
Фраппар кечээ, 2-ноябрда, мелдештин тайпалык этабындагы Италиянын "Ювентус" клубу менен Украинанын "Динамо Киев" командасынын беттешине калыстык кылды.
Ал өз ишин мыкты аткарганын италиялык corrieredellosport.it маалымат булагы жазып, анын беттеш учурундагы сүрөттөрүн жарыялады.
Беттеш учурунда аял-калыс "Динамонун" эки, "Ювентустун" бир футболчусуна эскертүүчү айып кагазын көрсөткөн.
Оюн 3:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктаган.
Стефани Фраппар буга чейин УЕФАнын Европа лигасы мелдешинде "Лестер" — "Заря" жана уюмдун 2019-жылдагы Суперкубогу үчүн болгон "Челси" — "Ливерпуль" беттештерин тейлеген.