Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө

Тез жардам станциясынын жетекчиси Искендер Шаяхметов болсо, анын жубайы Бактыгүл Исмаилова Бишкек мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенет.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Тез жардам станциясы жабдылбай калганы боюнча маселеге көңүлүн бурду.

Анын айтымында, маселе айлык акыга гана байланыштуу эмес.

"Тез жардам станциясынын жабдылбай калганынын себеби эмнеде? Жеке пикиримде, анын себеби айлык акыга гана байланыштуу эмес. Мага белгилүү болгондой, жубайы Бишкек шаары боюнча түзүмдүк бөлүктөрдү башкарса, жолдошу Тез жардам станциясынын ишин координациялайт. Маалыматтарга ылайык, ошол эле учурда жолдошу жеке Тез жардам кызматын ачкан. Мында түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышы бар экендиги байкалбайбы? Бишкек шаардык мэриясы кызыкчылыктардын кагылышуусу жана маселенин моралдык тарабын эске алуу менен кызматтык иликтөө жүргүзүүсү тийиш", — деди ал.

Белгилей кетсек, Тез жардам станциясынын жетекчиси Искендер Шаяхметов болсо, анын жубайы Бактыгүл Исмаилова Бишкек мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенет.