Муз үстүндөгү жомок. Москвадагы муз аянтынын ачылышынан 15 сүрөт

Sputnik

ГУМ-муз аянтынын маалымат кызматы мааракелик сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетет деп жарнамалап жатат.

Ачылыш салтанатка Россия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков, анын жубайы, муз бийинин чебери Татьяна Навка, муз үстүндө бийлөө спортунун жылдыздары Алина Загитова, Алексей Ягудин, эстрада жана кино жылдыздары, таанымал спортчулар жана белгилүү инсандар катышты.

Бишкекке башкы балаты орнотула баштады. Сүрөт
Загитова "Спящая красавица. Легенда двух королевств" мюзиклинен үзүндү көрсөтсө, Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяна Навканын "Руслан и Людмила" мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты.

Олимпиада чемпиону Навка өзү Ягудин жана хоккей боюнча дүйнө чемпиону Алексей Яшин менен биргеликте муз үстүндө Bosco-көнүгүүлөрүн жасашты. Буга дагы отуздан ашык таанымал инсандар катышкан. Машыктыруучулар секирүү, отуруп-туруу, хоккей таягы менен жасалуучу көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.

Татьяна Навка өлкөдөгү башкы муз аянтынын ачылышы жомоктогудай болуп, катышуучулардын баарына чынында эле жаңы жылдык маанай тартуулаганын белгиледи.

ГУМ-муз аянты аба ырайына карабай ар дайым ачык болот. Кесипкөй муз бийинин чеберлери менен хоккейчилер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешкен.

Муз аянты күн сайын саат 10:00дөн 23:00гө чейин иштейт.

1 / 15
Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон
2 / 15
Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова "Спящая красавица. Легенда двух королевств" мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт
3 / 15
Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты
4 / 15
Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт
5 / 15
Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү
6 / 15
Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты
7 / 15
Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын "Руслан и Людмила" мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты
8 / 15
Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады
9 / 15
Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө
10 / 15
Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет
11 / 15
Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн
12 / 15
"Вечерний Ургант" шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат
13 / 15
Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет
14 / 15
Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү
15 / 15
Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт