Улуттук банк дагы интервенция жасап, бул ирет 5,3 млн. доллар сатты

Акыркы үч аптада Улуттук банк бир күн гана доллар саткан эмес. Узаган айда Улуттук банк 84 миллион 750 миң доллар саткан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Улуттук банк кечээ, 1-декабрда, 5 миллион 250 миң доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.

АКШ акчасынын курсу өзгөрүүсүз бойдон турат. 1 доллар сатыкта 84,9 сом, ал эми сатып алууда үч тыйынга өскөн (84,68).

Ноябрда Улуттук банк 11 ирет интервенция жасаган. Биринчи жолу 12-ноябрда 26,8 миллион доллар сатылган. Мурунку жумаларда доллар күн сайын валюта рыногуна сатылып жаткан. Алсак, 16-20-ноябрь күндөрү беш күн тынбай, өткөн аптада 24-27-ноябрда төрт күн интервенция жасалган.

Кыргызстанда кайсы банктын карталары киреше алып келет. Тизме
Муну менен узаган айда Улуттук банк 84 миллион 750 миң доллар сатканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда доллар 83,94 (сатып алуу) жана 84,33 (сатуу) сом болуп турган, кийинчерээк наркы жогорулап 84,9 (сатуу) сомго чейин жетти.

Алтын валюталык запас (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун баасын кармап турууга жардам берет. Резервдин көлөмү дээрлик 3 миллиард долларды түзөт. Бул алты айга чейин товарларды жана кызматтарды импорттоого жетиштүү.