Конституциялык палата мөөнөтүн узарткан парламенттин мыйзамдуулугун карап жатат

Буга чейин "Реформа" партиясы Конституциялык палатага даттанып, "парламент мыйзамсыз түрдө мөөнөтүн узартып алды" деп арыз жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку соттун Конституциялык палатасы Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтүнүн узартылышы боюнча кайрылууну карап жатат.

Палатанын отуруму бүгүн, 2-декбрда, саат 9:00дө башталган.

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду
Буга чейин "Реформа" партиясы Конституциялык палатага даттанып, "парламент мыйзамсыз түрдө мөөнөтүн узартып алды" деп арыз жазган.

Эске салсак, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы парламенттик шайлоо мөөнөтүн 20-декабрга дайындаган. Бирок эртеси эле Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес мөөнөткө белгиленген. Ал мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

Ошол эле маалда Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

Комиссиянын корутундусунда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгиленген. Ошондой эле комиссия конституциялык мыйзам токтоп, шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына жана демократиялык оюндун эрежелери бузулганына кабатырланган.