Бириккен Улуттар Уюмунда "Спутник V" вакцинасынын бет ачары өтөт

Вакцинаны тааныштыруу БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын комиссиясынын аймагында болмокчу. Анда бул препарат боюнча кенен маалымат берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. БУУдагы Россиянын атайын өкүлчүлүгү жана Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын бет ачарын өткөрөт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Иш-чарага Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, БУУдагы Россиянын атайын өкүлү Василий Небензя, Түз инвестициялар боюнча россиялык фонддун жетекчиси Кирилл Дмитриев катышат", — деп билдирген өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Федор Стржижовский.

"Спутник V" вакцинасын социалдык тармактар аркылуу тааныштыра башташат
Ал "Спутник V": COVID-19га каршы вакцина" деп аталган виртуалдык иш-чара БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын комиссиясынын аймагында өтөрүн кошумчалады. Отурумда россиялык бул препарат боюнча кенен маалымат берилери айтылды.

Министрлик быйылкы жайдын аягында дүйнөдө биринчи жолу COVID-19га каршы вакцинаны каттаган. Ал Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунда иштелип чыгып, "Спутник V" деп аталган. Анын негизги артыкчылыгы коопсуз, майнаптуу жана узакка созулган терс кесепети жок ыкмаларсыз жасалгандыгында экендигин айтышкан.