Түлөбаев: жеке компаниялардын корпоративине тыюу сала албайм

Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Нургазы Каримов "корпоратив өткөрүүгө салынган тыюу жеке компанияларга дагы тийиштүүбү" деген суроо узаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жеке компаниялар жаңы жылдык корпоратив өткөрө турган болсо, бул алардын конституциялык укугу экенин мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди.

"Муниципалдык жана чарбалык кызматтарга жаңы жылдык корпоратив өткөрүүгө тыюу салынды. Мен кызматкерлерге той-аштарга, корпоративдерге барбагыла деп айткам", — деди Түлөбаев.

Бишкекке башкы балаты орнотула баштады. Сүрөт
Шаардык кеңештин депутаты Нургазы Каримов "тыюу жеке компанияларга дагы тийиштүүбү?" деген суроо узатты.

"Мен аларды тыя албайм. Бул алардын конституциялык укугу. Мен өзүмдүн кызматкерлериме эле айттым", — деди мэр.

Буга чейин вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өкмөт жаңы жылдык корпоративдерге тыюу сала турганын айткан. Кийинчерээк бул эреже бир гана мамлекеттик органдарга тийиштүү экени маалымдалган.