Кызы менен коштошкон боюнча жок. Жалал-Абадда 42 жаштагы аял изделүүдө

Бахтигүл Базарматова 25-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп кеткен боюнча үйүнө барган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында 42 жаштагы аял дайынсыз болууда. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Бахтигүл Базарматова аттуу аял 25-ноябрь күнү саат 15:30дар чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп кеткен боюнча үйүнө барган эмес. 

Кызы менен коштошкон боюнча жок. Жалал-Абадда 42 жаштагы аял изделүүдө
"Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыктан, туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылат маалыматта.

Баткенде жоголгон аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатат. Сүрөт
Бахтигүл Базарматованын өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Ал башына сары, кара түс аралашкан жоолук салынып, тизеге жеткен боз түстөгү күрмө жана кара түстөгү шым кийип жүргөн. Бутунда такалуу кара түстөгү ботинка бар экени айтылды.

Дайынсыз жоголуп жаткан аял тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, милиция (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02 телефондоруна чалып коюуну өтүндү.