Пресс-борбор

Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин айтты

Калаа башчынын милдетин аткаруучу апрель-майга чейин калаада чоң өзгөртүүлөрдү жасоого жетишпей турганын айтып, бирок маанилүү тапшырмаларды бүтүрүп кетерин убадалады.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мөөнөтү аяктагыча жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн онлайн-брифингде билдирди. 

Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин айтты
Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин айтты

Түлөбаев апрелге чейин гана иштей турганын айтып, бул аралыкта калаада чоң өзгөртүүлөрдү жасоого жетишпей каларын белгиледи.

"Мен бул кызматта апрель-майга чейин эле отурам. Ага чейин жасап, бүтүрүп кетчү бир топ тапшырмаларым бар. Алардын бири - жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу. Мындан сырткары, автобус көйгөйүн чечип, структуралык өзгөртүүлөрдү жасайм. Жерлерди инвентаризация кылып да жетишишибиз керек. Эң башкы тапшырма — элди кыштан, коронавирустан аман-эсен алып чыгуу", — деди калаа башчынын милдетин аткаруучу.

Түлөбаев Бишкекти ТЭЦ-2 районун көздөй чоюу маселесин карап чыгуу боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тапшырма бергенин айтып, бул тема дагы талкуулана турганын белгиледи.