БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Telegram мессенджеринде бир нече адам, башкача айтканда, топ болуп сүйлөшө турчу чалуулар пайда болот. Бул тууралуу Telegram Info кабарлады.
Функция Android тиркемесинин сынамык версиясында иштеп баштады. Топтук чалууну администратор уюштура алат. Чалуунун эки түрү бар: биринчисинде бардыгы сүйлөй алышат, экинчисинде — админ гана. Кызмат Voice chat деп аталат.
Буга чейин үч ай мурда Telegram видеочалууну кошкон. Анда түзүүчүлөр функцияны ар тараптуу кылууну, анын ичинде топтук чалууну кошууну убада кылышкан.