Пресс-борбор

Өрттөнгөн прокуратуранын ордуна эмнеге шаардык кеңештин имараты курулат. Жооп

Өрттөнгөн прокуратуранын ордуна кээ бир ишкерлер мейманкана, башкалары кеңселер үчүн имарат, дагы башкалары сквер салууга аракет кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 2022-жылы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен муниципалдык кызматтар жайгаша турган имарат пайда болот. Бул туурасында Бишкектин шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак ТүлөбаевSputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Эске салсак, социалдык тармакта мэриянын Бишкек шаардык кеңеши жана бир катар муниципалдык кызматтар үчүн эки блоктон турган имаратты прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна тургузуу демилгесин сындап жатышат.

Түлөбаевдин айтымына караганда, өрттөнгөн прокуратуранын ордуна кээ бир ишкерлер мейманкана, башкалары кеңселер үчүн имарат, дагы башкалары сквер салууга аракет кылган.

Өрттөнгөн прокуратуранын ордуна эмнеге шаардык кеңештин имараты курулат. Жооп
"Ал бурчтагы жер кичинекей болгондуктан сквер жасаганга болбойт. Анан да мэрияга кирип карап көрсөңөр, бир кабинетте жети-сегиз киши отурат. Ушундай кантип болсун. Шаардык кеңеш менен фракциялардын кантип иштеп жаткандыгын көрсөңөр. Биздин кызматтар шаардын ар кайсы жеринде жайгашкан, Жер ресурстары боюнча башкармалык жер төлөдө отурат. Мэриянын артына имарат куралы деп, бирок ал жердеги скверге тийбөөнү чечтик", — деди Түлөбаев.

Ал жаңы имараттын бир бөлүгүнө шаардык кеңеш, ал эми бир жагына муницалдык кызматтар жайгашарын айтты. Ал эми азыр алар отурган кеңселер ижарага берилиши мүмкүн.

Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин айтты
"Эки вариант бар — имаратты толугу менен алып салып, жаңысын курабыз же оңдоп чыгабыз. Муну азыр адистер карап жатышат. Эки-үч жылдын ичинде чыгымдалган каражатты кайтарабыз. Түшүнсөңүздөр, биздин кызматкерлер да кадыресе шартта иштеп, шаарга кызмат кылышы керек да. Антпесе майнап жок болууда", — деп жооп берди мэрдин милдетин аткарып жаткан аткаминер.

Ал долбоорлоого каражат бөлүнгөндүгүн жана жакында сынак жарыяланарын айтты. Бир нече айдан кийин жаңы тендер жарыяланып, же курулуш, же оңдоо иштери башталмакчы. Имаратты эң узак дегенде 2022-жылдын жазында бүтүрүшөт.