Жакында эле социалдык тармакта #менинбактылуукошбойлуулулугум# аталышында челлендж жүрүп, айымдар балалуу болгон ирмемдерин эстешкен. Алардын катарында Атабаева дагы өз башынан өткөнүн жазып, катталуучулар арасында талкуу жаратты. Ага азыр да жылуу пикирдеги билдирүүлөр менен комментарийлер жазылып жатканын айтат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги экстракорпоралдык уруктандырууну бир эмес, бир нече жолу колдонуп, наристелүү болгон Айша Атабаеваны кепке тартты. Кызы азыр беш жашта.
— Алгач өзүңүз тууралуу айтып бересизби?
— Жалал-Абаддан болом, 47 жаштамын. 8-классты бүткөндөн кийин облустагы медициналык окуу жайга тапшырып, кийин билимимди жогорулаттым. Иштеп жүрүп жолдошум менен таанышып, 22 жашымда турмушка чыктым.
— Дароо эле боюңузда болбогону үчүн ЭКУга бардыңыз да?
— Боюмда болгон, бирок жатындан тыш бүтүп калыптыр. Операция болгондо бир жак урук түтүкчөсү алынып калган. Экинчи жолу да жатындан сырткары боюма бүтүп калып, экинчи урук түтүкчөсү жарылып кетти.
Дарыгерлер балалуу болууга ЭКУ жолу гана бар экенин айтышты. Кайненем, күйөөм менен сүйлөшсөм унчукпай калышты. "ЭКУ болсо ЭКУ да" деп кайненем аябай дем-күч берди. "Азыр жүрөктү деле салып коюп жатышпайбы, ага караганда оңой эле нерсе, эч жериңди кеспесе, тикпесе" дегени эсимде.
2008-жылы Ташкенттеги клиникага барганыбызда анализ тапшыр дебей эле дароо ишке киришебиз дегенде кооптонуп келе бергенбиз.
2010-жылы Асымбекованын (профессор Гүлнара Асымбекова — ред.) клиникасына Түркиядан дарыгерлер келет дегенин угуп калдык. Алар үч күндүн ичинде 80ден ашык аялга эмбрионун салды. Ушунча аялдын ичинен үчөөнүн гана боюна бүткөнүн билдик. Бардыгыбыз телефон аркылуу байланышып турчу элек. Ошол кезде кыргызстандык адистер өздөрү биринчи жасап жаткандыктан, биздики эксперимент сыяктуу эле болуп калганын кийин түшүндүк.
2012-жылы жолдошум, апам болуп сүйлөшүп Алматыга бара турган болдук. Вадим Евгеньевич деген дарыгерге бир жыл мурда кезекке турганбыз. Үчүнчү жолу ЭКУ жасаттык. Жасалма уруктандыруу, дарылар, тамак-аш, жатакананын чыгымы 6 миң долларга чукулдады. Ал дагы ийгиликтүү болбой калды.
Анан дарыгерди алмаштырып, ошол эле Казакстандан Жанар Борисовна дегенге бардык. Анда эмнегедир кезек жок экен. Бул ирет дагы балалуу боло албадык. Мени оор учурларда алдыга умтултуп, жөлөп-таяган күйөөм менен кайненем болду.
Жолдошум мүмкүнчүлүгүнө жараша мени менен кошо барып келет. Ал жанымда кезде колдоосун сезип, көңүлүм ачык барам. Күйөөм бошой албай калган күнү өзүм Кордайдан өтөм. Кыйналып, ыйлачумун. Азыр бизде эшикте аябай суук болуп жатат го, Алматыда дайыма суук болуп турчу. Барып келишиң 8 саат. УЗИге тартабыз, антебиз-минтебиз деп ар беш күн сайын эле чакыра беришчү. Үмүт үзүлбөйт экен. Дарыгердин айтканын аткарыш керек деп тынбай каттачумун. Мен үчүн Алматы Бишкек менен Сокулуктай эле болуп калган.
— Ортодо ЭКУ менен чуркап жүргөндө карын энеге кайрыл дегендер болдубу?
— Карын эне алсаң болбойт беле деп сурагандар болду. Алсак болот эле, ден соолугум мынчалык зыян тартмак эмес. Бирок мен Алматыда жүргөндө жаш кызды көрүп, коркуп калгам. Ал баштапкы 4 миң долларды алып, ай сайын жеп-ичкенине акча алып, анан түйүлдүктү таблетка ичип түшүрүп салып, кайрылгандар менен чырдашып жүрүшкөн. Ошон үчүн каалаган жокмун.
— Анан ЭКУну төрт ирет жасаткандан кийин дагы токтоп калбаптырсыз...
— Ошентип 2013-жылы дагы жасаттык, бирок майнап чыкпады. Кийин кечирээк билип калдык, бул бир жагынан бизнес экен. Аял процедурага даярдык көрүп жатканда урук клетка көбүрөөк чыкса, эркек экөөнүкүн эмбрион жасап туруп, тоңдуруп койсо болот экен. Бирок менин жашым өтүп калганы үчүн 1-2 урук араң чыгып жатты. Асымбекованын клиникасынан жасатканда 7-8ден чыккан. Ошондо ал жакта жабдыктар жок беле же мен сурабадымды, билбейм, урукту тоңдуруп койгула деген эч ким болбоптур. ЭКУ жасатам деген жашыраак кыз-келиндер ушуну эске алса дейм. Бул келишимди кайталап түздүрбөй, акчаны үнөмдөйт жана ден соолукту да жабыркатпайт.
— Алтынчы жолкусунда боюңузда болгону менен түшүп калган экен...
— 2014-жылы алтынчы жолу жасаттык. Кудайга шүгүр, боюма бүттү. Тууган-туушкандар, достор, бүт кубандык. Бир күнү аябай дем жетпей кыйналып, балконго чуркап чыктым. Жолдошума УЗИге баралычы дедим. Текшерилсек баланын жүрөгү сокпой жатат деди, бир жума мурда эле согуп жаткан болчу. Кайненем буга такыр ишенген жок. Башка клиникага текшерилгиле, аборт жасата көрбө деп безилдеди.
Алдырууга туура келди. Жатындын ичин наркозу жок эки жолу, наркоз менен үч жолу тазалашты. Азапты көрдүм. Кандай эле аялдар боюнда болуп калып аборт жасата берет деп суктанчумун. Суктанганда, тилек кылганда абайлаш керек экен.
Жолдошум алаксытайын дедиби, саамал ичиргени Падыша-Ата коругуна алып кетти. "Үмүтсүз - шайтан" дегендей, кайра эле аракет кылып баштадык. Бир четинен бала өлүп калды деп ичибиз ачышса, экинчиден жок дегенде боюмда болду деп сүйүндүк.
— Акыркы аракет чечүүчү болгон турбайбы?
— Анда 41ге чыгып калгам. Жетинчи жолу да бармай болдук. Мен директоруна кирип аябай ыйлап, моралдык да, материалдык жактан да чарчадым дедим. Бул менин акыркы жолу келишим экенин айтып, жакшы бир дарыгер таап беришин өтүндүм. Ошол убакта Мария Сергеевна деген кесипкөй дарыгер иштеп жатыптыр. Кирип барганда эле маңдайы жарык, жакшы аял экенин көрдүм. Менин башымдан өткөргөндөрүмдү угуп аябай аяды. Башка дарыгерлердей болуп беш күн сайын чакырган жок. УЗИ, анализдерди Бишкектен эле түшүп, мага WhatsApp аркылуу салып кой деди. Көрсө ушинтсе деле болот турбайбы деп аябай таң калдым.
Эртең менин айыз күнүм дегенде эмбрионду салам дегенден чочуласам, мага ишен деди. Бирок ишенген жокмун. 14 күндөн кийин текшерилиш керек эле, мен 12-күнү эле тест тапшырып салдым. Боюмда бар болуп чыкты. Кудайга жалынып, дарыгерге алкыш айтып жаттым. Бул дарыгердин тажрыйбасынанбы же акыркы үмүтү деп болтуруштубу, айтор билбейм. Мурда жасагандар эндометрия — бала жаткан төшөкчө 7-8 миллиметрге жеткенде салып койчу, акыркы адис 10-11 миллиметрге жеткенде салды. Ошондо бала жакшы кармалат экен. Кээде улам бизди чакырта берип бизнес жасашчу окшойт деген ой келет.
— Кош бойлуу убагыңыз кандай өттү?
— Жети жарым ай үйдөн такыр чыккан жокмун. Таза абада сейилдечү да эмесмин. УЗИ, анализдерге гана барчумун. Жолдошум үч маал тамагымды алып келип муздаткычка салып коет, толкундуу мешке ысытып жеп алар элем.
Төрөөргө аз калганда аябай шишип кеттим. Пландуу операцияга даярдандык. Төрөт процессине жарым-жартылай өзүм күбө болдум, наркоз сайылган болчу да. Мен эки эмбрион салдыргам, эгиз төрөмөкмүн. Анын бирөө алты жумалык кезинде эле өрчүбөй калыптыр. Экинчи урук менен аман-эсен кызды жарыкка алып келдим. Ошондогу сезимди сөз менен айта албайм. Атасы терезеден кирпик какпай карап турат. Кызым ыйласа кошулуп ыйлайм, баланын ичи-башы ооруйт да.
Мен өзүм 3-февралда туулгам, кызымды 2-февралда төрөдүм. Дарыгер менен жакындарым экөөңдүкү чогуу болсун дешти. Мен баламдын өзүнүн туулган күнү болсун дедим, анын үстүнө шишип кеткен болчумун.
— Азыр кызыңыз кандай чоңоюп жатат?
— Буюрса, жакында 5 жашка чыгабыз, атын Мариям койгонбуз. Кыздын ден соолугу жакшы. Кээ бирөө ЭКУдан төрөлгөн балдардын саламаттыгы начар болот же кийин алар балалуу боло алышпайт деп ойлойт. Жок, бул кадимкидей эле бала, чочулоонун кереги жок.
Кызым жароокер, атасын абдан жакшы көрөт. Анан аябай акылдуу, зирек. Анлис тилин билет, бир нерселерди айтса жооп бере албай калам. Орусча, кыргызча сүйлөйт. ЭКУдан төрөлгөндөр акылдуу болот, анткени процедурага эркектин уруктугу тандалып жүрүп алынат да.
— Жолдошуңуздар менен дагы балалуу болууну пландап жатасыздарбы?
— Негизи ЭКУ үч эле жолу жасалышы керек. Кийинкилерин мен жанымды тиштеп эле жасатып жаттым да. Алматыда жүргөндө күйөөмдүн уругун тоңдуруп келгенбиз. Балким кийин карын энеге кайрылабыз деп ойлогонбуз. Бирок ал ортодон алдап, төрөбөй койсо чыдай албайт болчумун. Былтыр үй-бүлөлүк чечим кабыл алдык. Кудай ушу кызыбыздын өмүрүн берип, жакшылыгын көрөлү дедик.
— Адатта кыргыздарда “качан төрөйсүң?” деген суроону берүүдөн тартынышпайт. Анан узак убакыт балалуу болбосо кайын журту келинди кетиргенге аракет кылган учурларды да билебиз. Наристелүү болбой жаткан кыз-келиндерге, анын ичинде ЭКУ жасатам дегендерге кандай кеңеш бересиз?
— Ооба, аялдын жан дүйнөсү жабыркап турганда "качан төрөйсүң?" деген сөздөр ого бетер жанчып салат. Бирок мен эч качан териккен эмесмин. Кудай буюрган күнү төрөйм дечүмүн. Кайын журтум колдоо көрсөтчү. Кайненем экөөбүз курбудайбыз, аябай түшүнүктүү адам. Кош бойлуу кезимде каалаган тамагымды жасап берчү.
Бир тууган эжем төрөбөгөн аялды ичинен сыздатса, намыстанат дегенди уккан окшойт. Бир жолу "сен төрөбөйсүң, сен төрөгүчө көчөдөгү ит деле тууп койду" деп ардантканда аябай ыйлагам. Өзү мага төрөп берейин деген да учурлары болду. Мен "Кудай бизге берет, өзүм төрөйм" дечүмүн.
Кыз балдарды ден соолугуна бөтөнчө кам көргүлө демекчимин. Балалуу болуунун бардык жолун тажабастан караштыруу керек. Адатта ЭКУну 1-2 жолу жасаткандар үмүтүн үзүп салат. Бул ар бир адамдын организмине жана жаш курагына жараша болот экен. Мен клиникада төрөп жатканда 55 жаштагы кыргыз келин үч эмди жарыкка алып келген. Аныкы биринчи аракетинде эле ишке ашыптыр. Эң башкысы — үмүттү үзүп, чөкпөш керек, өжөр, тайманбас болуш керек. Аялдын төркүнү, кайын журту кубаттап турса жакшы. Аялга эркектин колдоосу маанилүү. Жолдошума, кайненеме чексиз ыраазы болом.
Менин кеңештерим керек болсо социалдык тармактардан жаза бергиле, Кудайдын ыраазычылыгы үчүн бардыгына жооп берем.