ЕАЭБ өсүмдүк майынын зыяндуулугун азайтуу үчүн атайын норма иштеп чыгат

Техникалык регламент боюнча бизнес өкүлдөрүнөн сунуштар түшүп, эксперттер тарабынан иштелип жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. ЕАЭБдин аймагында өндүрүлгөн кошулмасында глицидил эфири бар өсүмдүк майын жана андан жасалган азыктарды жөнгө салуучу документ коомдук талкуу стадиясынан өттү. Бул тууралуу ЕЭКтин Аккредитациялоо жана техникалык жөнгө салуу департаментинин бөлүм башчысы Андрей Полозков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө билдирди.

Тропикалык майлардын айрым түрлөрүнүн жана анын ичинде пальма майынын кооптуулугу боюнча билдирүүлөр талкууга алынган. Полозковдун айтымында, техникалык регламент боюнча бизнес өкүлдөрүнөн сунуштар түшүп, эксперттер тарабынан иштелип жатат.

Кыргызстанда бут кийим чыгаргандарга бажыдан бир топ жеңилдик берилди
Ошондой эле ал бул боюнча макулдашууларга көп убакыт талап кылынарын, андыктан регламент ЕАЭБде 2023-жылдын биринчи жарымында күчүнө кире турганын кошумчалады.

Ал эми ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык департаментинин директору Наталья Жукова Евразиялык экономикалык комиссия 2019-жылы августта тамак-аш азыктарындагы глицидил эфиринин нормага ылайыктуу деңгээлинин чегин аныктаганын билдирди. Бүгүнкү күндө өндүрүшчүлөр бул норманы ыктыярдуу түрдө колдоно алат. Ошондой эле бул нормативдер Евросоюздун талаптарына дагы дал келери кошумчаланды.

"Майдын өзү зыян эмес, аны кайра иштетүүдөгү продукция зыян болушу мүмкүн. Мисалы, эгер өндүрүүдө, ташып келүүдө жана сактоодо нормалар сакталса, пальма майын пайдалуу азык катары карасак болот. Башка өсүмдүк майларында дагы ушул өңүттөгү техникалык процесстер бузулса, кооптуу продукцияга айланып кетет. Негизги фактору — глицидил кычкылтегинин көп кошулушу", — деди Жукова.

Техникалык регламент ЕАЭБдин бардык мүчөлөрү менен макулдашылып жана кабыл алынган соң аны көзөмөлдөө өлкөлөрдүн тиешелүү органдарына берилет. Аны сактабагандарга ар бир өлкөнүн ички мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралмакчы.