БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Данияр Сыдыков октябрь окуяларында анын Ак үйдөгү кабинетинен үч чемпиондук кур жоголгонун кабарлады.
Анын айтымында, курлар аралаш мушташ боюнча чемпион 24 жаштагы Азиз Сатыбалдиевге таандык.
"Октябрь окуялары учурунда ар бир кабинет варвардык мамилеге туш болгон. Менин кабинетим да соо калган жок. Ичинде чемпион Азиз Сатыбалдиевдин үч курун мактануу менен сактап келгем. Ал мага ырымдап берген болчу. Ошолордун уурдалганына абдан өкүнүп турам", — деди Сыдыков.
Ал үч кур — бул үч титул экенин билдирип, анын ар бири үчүн канча тер төгүлгөнүн белгилеген.
"Бул титулдар Азиз үчүн эле эмес, мен үчүн, мекен үчүн дагы сыймык эле. Азиз менен бир туугандай болуп калгам. Беш жылдан бери таанышпыз, ар дайым бардык жакта колдоп турууга аракет жасайм. Ал жөнөкөй жана боорукер, кыргыздын нагыз жигити", — деди экс-аткаминер.
Ал ошондой эле жарандарды чемпионго сыйлыктарын кайтарууга жардам көрсөтүүгө чакырган.
Теги: Данияр Сыдыков чемпион кур
Инжект: https://sputnik.kg/video/20201112/1050399349/zhk-deputattary-ak-uygo-kirip-zhiyyn-otkoruudo.html