Чыңгыз Айдарбеков президентке кеңешчи болбой калды

Мурдагы тышкы иштер министри иштен кетүү арызын өзү жазган. Ал бул кызматка бир ай мурдараак, Садыр Жапаровдун тушунда келген болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik.Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Айдарбеков иштен кетүү арызын өзү жазган.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп 22-октябрда дайындалган. Ал кезде өлкөнү убактылуу Садыр Жапаров башкарып турган.