Окуя Бахрейнде "Формула-1" жарышынын этабы өтүп жаткан учурда болгон. Рулда Ромен Грожан аттуу адам кетип бара жатканы айтылды. Кадрдан анын автоунааны башкара албай калып биринчи автокөлүктү жөөлөп өткөнүн, катуу күү менен тосмого келип урунуп, жалбырттап өрттөнө баштагандыгын көрүүгө болот.
Окуя болору менен коопсуздук кызматкерлери жана медиктер жетип келип, өрттү өчүрө баштаган. Ал эми спортчу алоолонгон жалындын ичинен көз ирмемде суурулуп чыгып, жерде тургандар аны жөлөп-таяп ары алып кетишкен. Маалыматта Грожандын колу жана таманы анча көп эмес күйүк алганы айтылган.