Улуттук банк "Кыргыз күрөш" коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" сериясынын "Кыргыз күрөш" коллекциялык монеталары IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн Улуттук банкы 2020-жылдын 1-декабрынан тартып "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" сериясынын "Кыргыз күрөш" коллекциялык күмүш жана жез-никель монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу башкы банктын сайтында айтылат.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" сериясынын "Кыргыз күрөш" коллекциялык монеталары улуттук спорттун түрүн жандандыруу жана даңазалоо максатында чыгарылып, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган.

Монетанын сүрөттөлүшү

Улуттук банк "Кыргыз күрөш" коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат

Көрүүчүлөрдүн, боз үйлөр менен тоолордун фонунда күрөшүп жаткан балбандар монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби жана "Кыргыз күрөш / Kyrgyz kurosh" жазуусу түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. Төмөн жагында улуттук оюулар түшүрүлүп, металлдын сапат белгиси (Ag 925°) жана салмагы (31,10 g) берилген.

Улуттук банк долларды ноябрда 10-жолу интервенциялады
Монетанын арткы бетинде күндүн сүрөттөлүшү түрүндөгү оюу-чийменин ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген улуттук оюндардын ар кандай түрлөрү чагылдырылган. Ал эми оймо-чийменин ортосунан күрөшүп жаткан балбандардын сүрөтүн көрүүгө болот. Монетанын оң жагында КР герби жайгаштырылып, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World nomad games" жазуусу түшүрүлгөн.

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Бардык коллекциялык монеталар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.