Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат

Бүгүн, 30-ноябрда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун пленардык жыйыны онлайн-форматта өттү. Анда Володин Мамытовдун Россияга болчу расмий иш сапары тууралуу кеп козгогон.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу МамДуманын төрагасы Вячеслав Володин билдиргенин РИА Новости жазды.

Билдирмеге ылайык, төраганын иш-сапары 7-декабрга белгиленген. 

30-ноябрда, дүйшөмбү күнү, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун пленардык жыйыны онлайн-форматта өттү. Анда Володин Мамытовго кайрылып, көпчүлүк маселелерди 7-декабрда Россиядан жолукканда талкуулашарын белгилеген.