Трамп ырайым кылган күрптөн тарта Марадонанын тажиясына чейин. Апта ирмеми

Sputnik

АКШ президенти Дональд Трамп  Ак үйдүн роза багында күрпкө  ырайым кылуу аземине катышты. Франциянын борбору Парижде полиция менен демонстранттар ортосунда кагылышуу болду. Ал эми Москванын (Россия)  ВДНХсында муз тебүүчү аянт ачылды.

Аалам кооздугу кадрларда. 14 сүрөткө сыйган космос жаңылыктары
Буэнос-Айресте (Аргентина) легендарлуу футболчу Диего Марадонаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Ал 25-ноябрда 60 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Россиянын коргоо министрлигинин Минага каршы эл аралык борборунун адистери Тоолуу Карабахтын жолдорун жана калк жашаган аймактарын жарылуучу каражаттардан арылтууда.

Вислада (Польша) трамплинден секирүү боюнча дүйнө кубогу өтсө, Кытайдын Хайнань аралындагы Вэньчан космодромунда "Чанчжэн-5" ракетасы "Чанъэ-5" ай зонду менен космоско учту.

1 / 16
Топтошкон биргазандар (ири суу кушу) Эмек-Хефер өрөөнүндөгү (Тель-Авив, Израиль) суу сактагычта балык жеп жатат
2 / 16
Дүйнөлүк футболдун легендасы Диего Марадонаны акыркы сапарга узатуу үчүн Буэнос-Айрестеги (Аргентина) стадиондо чогулган эл. Спортчу 25-ноябрда 60 жаш курагында көз жумду
3 / 16
Кытайлыктардын "Чанчжэн-5" ракетасы "Чанъэ-5" ай зонду менен Хайнань аралындагы Вэньчан космодромунан старт алды
4 / 16
Израилдик гимнаст Лина Ашрам көркөм гимнастика боюнча Европа чемпионатында жеңишке жетип алтын медаль тагынды. Биринчилик Украинанын борбору Киевде өттү
5 / 16
Парижде өрттөнгөн жеңил автоунаа жана митингге чыккан демонстранттар. Көчөгө чыккандар укук коргоо кызматкерлеринин мигранттарга кылган мамилесине жана "Улуттук коопсуздук жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө каршы пикирин билдирген
6 / 16
Канадалык спортчу Маккензи Бойд-Клоуз трамплинден секирүү боюнча дүйнө кубогунда, Висла (Польша)
7 / 16
Индуизм ишенимин кармангандар Чхат Пуджа майрамында Күн кудайына сыйынып жатышат. Мумбаи (Индия)
8 / 16
Бишкек шаарынын Киев жана Орозбеков көчөсүнүн келишинде жайгашкан Генералдык прокуратуранын 2010-жылы өрттөнгөн имараты
9 / 16
Эфиопиянын Тиграй аймагында аял артына суу көтөрүп алып Гедарефтеги (Чыгыш Судан) качкындар лагерине бара жатат
10 / 16
Майк Тайсон менен Рой Жонс салмакка түшүү маалында, Лос-Анджелес, Калифорния, (США). Беттеш сегиз раундга созулуп, калыстар спортчуларды тең чыкты деп чечим кабыл алган
11 / 16
Рождество майрамына карата коюлган майрамдык от, анда Испаниянын желегин көрүүгө болот, Мадрид (Испания)
12 / 16
АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдүн роза багында күрпкө ырайым кылуу аземинде
13 / 16
Россиянын Минага каршы эл аралык борборунун адистери Тоолуу Карабахтын жолдорун жана калк жашаган аймактарын жарылуучу каражаттардан арылтууда
14 / 16
Жарандык коргонуунун ыктыярчысы Нью-Дели шаарындагы базарга жарнама чаптоодо
15 / 16
Москванын ВДНХсында ачылган муз тебүүчү аянтта сейилдеген түгөй
16 / 16
Жаныбарлардын укугун коргогон РЕТА уюмунун активисттери чынжырланган маймылдай болуп кийинип алып Таиланд королдугунун Макатидеги (Филиппин) элчилигинин жанында