Новиковго жооп бере албай буйдалган салыкчы. Видео

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун жинин келтирген көрүнүш — ноябрдын ортосунда эле иштей турган сынамык долбоордун алигүнчө ишке кирбей турушу болду.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өкмөт премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун Чүйдөгү "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү жайынан салыкчыны такылдатып сурап, берки жетекчи буйдалып калган видеону таратты.

Новиков өткөн дем алыш күндөрү аталган жайга барган.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун жинин келтиргени — ноябрдын аягында ишке кирип, товарлардын эсебин ала турган системанын алигүнчө ачылбай турганы болгон. Ал ноябрдын соңуна чейин эч нерсе иштебей тургандыгын айткан.

Новиков Чүйдө пандемиянын айынан ачылбай турган заводду көрүп келди. Сүрөт
Салык боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов "андагы маалыматтар боюнча" байкоо жүргүзүүчү камералар орнотулгандыгын айткан. Ал Новиковдун "эгер орнотулган болсо, ал кана..." деген суроосуна буйдалып жооп бере алган эмес. Анын ордуна аталган жайдын каркасынын чатырын карап, телефон чалып билерин айткан.

Премьердин милдетин аткаруучу алып келинген жабдуу ачылбаган бойдон турганына жини келген. Ал Салык кызматынын жетекчиси өзү бардыгы иштеп жаткандыгын билдиргенин айтты. Буга Асылкулов "бүгүн коюшарын, себеби байланышты кечээ эле жөнгө салгандыктарын" маалымдады.