Бишкектин чок ортосунан 18 жаштагы куралчан жаран кармалды. Сүрөт

Жаран көчөдө бара жаткан жеринен текшерүүгө алынган. Анын жанынан алты огу менен белгисиз үлгүдөгү тапанча табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Милициянын Кайгуул кызматы тапанчаны мыйзамсыз негизде алып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жаран 29-ноябрда борбор калаанын чок ортосунан колго түшкөн.

"Милиционерлер саат 08:30дар чамасында Бишкектин Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде өзүн адаттан тыш алып жүргөн белгисиз жаранды текшерүүгө алышкан. Натыйжада ал 18 жаштагы А.А. аттуу жаран экени аныкталып, жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча жана алты ок табылган", — деп айтылат маалыматта.

А.А. Свердлов райондук милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.