Спецназ маркум Рысбек Акматбаевдин инисин кармады. Видео

Спецназ кримавторитет, маркум Рысбек Акматбаевдин жакын тууганын колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Sputnik

Министрлик жаранды кармоо учурунун видеосун жарыялады. Кадрдан шектүүнүн колуна кишен салып жатканын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн А.Р. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Жаран алдамчылык сыяктуу бир катар кылмыштарга шектелип, ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
ИИМден билдиришкендей, 2016-жылдын жаз айларында шектүү Бишкек шаарынан жарандардын биринин ишенимине кирүү менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын алып, сатып жиберген. Унаа ээсинин чыгымы төрт миң доллар деп бааланган. Бул окуядан кийин шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Эми ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Рысбек Акматбаев 2006-жылы киши колдуу болгон. Аны мечиттин алдынан бет капчан кишилер атып кетишкен. Окуя Көк-Жар айылында болгон. Ага чейин Акматбаев адам өлтүрүүгө шектелип, бирок акталган. Ал шайлоодо Жогорку Кеңешке өтүп, бирок мандат алууга жетишпей калган. Акматбаевдин өлүмү боюнча иштин бети бүгүнкү күнгө чейин ачыла элек.