Дарыгер: коронавирус жүрөк оорусуна алып келиши ыктымал

Адис коронавирустан ооруп айыккандарда миокардит (жүрөк булчуңдарынын оорусу) пайда болушу ыктымал экенин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Коронавируста кан уюп, оору жүрөктүн кан тамырларында тромбду пайда кылат. Бул тууралуу Россиядагы согуштун ардагерлери госпиталынын кардиология бөлүмүнүн башчысы Сергей Ивановдун сөзүнө таянып, РИА Новости кабарлады. 

Дарыгердин айтымында, коронавирус жүрөккө өтүп, аталган органдын булчуңдарын жабыркатат. Жыйынтыгында андан ооруп айыккандарда миокардит (жүрөк булчуңдарынын оорусу) пайда болушу ыктымал.

"Коронавирус катуу кармаганда канда тромбдор пайда болуп, көбүнчө экинчи типтеги миокард инфаркты өрчүп кетет. Бул оорунун кесепеттеринин бири", — деди Иванов.

Адис COVID-19 менен ооруган айрым бейтаптарда бир нече ай өткөндөн кийин алсыздык жана тахикардия (жүрөк оорусу) байкалганын да кошумчалаган.