Вирусолог экинчи ирет жуккан COVID эмнеси менен айырмаланарын айтты

Мурда коронавирус менен ооруган киши аны кайталап жугузуп алышы мүмкүн. Бирок илдет салыштырмалуу жеңил өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Сеченов университетинин Медициналык паразитология институтунун директору Александр Лукашев коронавирустун кайталап жугузуп алгандан кийинки өзгөчөлүктөрүн айтып берди. Бул тууралуу Sputnik радиосу кабарлады.

Эпидемиологдун билдирүүсүнө караганда, организмде ага каршы антитело болбогондуктан вирусту биринчи жолу жугузуп алуу оңой.

"Ал эми экинчи ирет жуккан вирус жеңилирээк өтүп, оор кесепеттерге алып келбейт. Бактыга жараша, азыр жер жүзүндөгү бардык кишилердин үчтөн бир бөлүгү коронавирустан корголгон. Анткени күз-кыш мезгилдеринде күч алчу инфекциялар организмге кирери менен аларга каршы лимфоциттер пайда болот. Алар организмди кийин коронавирустан дагы сактай алышат", — деди адис.

Учурда дүйнө жүзү боюнча коронавирустун экинчи толкуну күч алып турган кез. Адистер вирусту экинчи ирет жуктургандар бар экенин айтып келүүдө.