БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан беш адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Алар:
- Бишкек шаарында – 1;
- Чүй облусунда — 1;
- Ош облусунда — 1;
- Талас облусунда — 2.
Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 271ге жетти.
Азыркы тапта ооруканада 2 833 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 113 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Ооруканада жаткандар:
- 45 — канааттандырарлык абалда;
- 1 942 — орто оор;
- 733 — оор;
- 113 — өтө оор абалда.
Ал эми 3 772 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.