Бишкекке башкы балаты орнотула баштады. Сүрөт

Мэриядан билдиришкендей, коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жаңы жылдык концерт жана салют уюштурулбай турган болду.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына башкы балаты орнотулуп жатат.

Буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы жылга карата борбордук аянтка символикалык түрдө балаты коюлуп, оту 10-декабрда күйгүзүлөрүн айткан.

Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жаңы жылдык концерт жана салют уюштурулбай турган болду.