Бүгүн комузчу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп, алдыга койгон пландары, жеке турмушу жана алектенген спорту тууралуу айтып берди.
— Закирбек, күү аткаруу чеберчилигиңиз күчтүү. Кооздоп, жаңы боек берип, публиканын бүйүрүн кызыта чертесиз. Элге абдан жагат. Бирок ошол учурларда оригиналдан алыстап кетпейсизби?
— Андай учурлар болот. Бир эле күүнүн 3-4 вариантын чертем. Мисалы, Карамолдонун күүлөрүн Ыбырай, Шекербек же Атай черткенде ар бири ар башкача аткарган. Мүмкүнчүлүк болсо, каалоо тартып турса ар бирөөнүн вариантын үйрөнүп кое беребиз. Кээде баарынан эң жакшы жерлерин кошуп, аралаштырып ойнойбуз.
Негизи бир жерге жазылып калган күүлөрдү өзгөрткүң келбей, өзүндөй ойнойсуң. Ал эми кулактан кулакка өткөн күүлөр оригиналынан чыгып, ар кандай ойнолуп калат. Кошуп салдың, алып салдың дегендер болот. Мен муну минтип түшүндүрөм: дарыя кылымдар бою бир нук менен агат. Бирок мезгилге, аба ырайына, суунун көп же аздыгына жараша ар кайсы жактан ар кандай толкуп коюшу мүмкүн. Күү деле ошондой, ар бир аткаруучу ар кандай аткарат. Мен ушундай түшүнөм.
— Кол ойнотулбаган кара күүлөрдү чертүүдөн деле рахат аласызбы?
— Албетте. Күү деле ыр же кара сөз менен жазылган адабий чыгарма сыяктуу айтайын деген нерсеси, терең мааниси бар. Комуз чертип жатканда, ошону угарманга бериш үчүн комузчудан бир топ аракет, энергия талап кылынат. Сүйлөп берип жаткан сыяктуу берилишиң керек.
— Кара жумуш колдун шыгын кетирбейби?
— Комузду кантип тандайсыз?
— Эң биринчи кайсы уста чапканына карайм. Ар бир устанын өзгөчөлүгү бар, мисалы, айрымдарынын колунан жакшы комуз көп чыга бербейт. Бирок ай-жылында бир мыкты комуз чаап коюшат. Андан кийин жасалган материалы маанилүү. Комуз жагып калса, өзүмдө бар, жетет дебей алып кое берем. Кыздар жылтыр-жултурдан баш тарта албагандай, мен дагы жакшы комуз көрүнсө ала берем.
— Усталар деп калдыңыз, өзүңүздө устачылык талант барбы?
— Ошол жагынан изденип көрүүнү чечтим. Ринат деген комузчу досум бар, ошол экөөбүз өзүбүз комуз чаап көрөлү деп жыгач кургата баштадык. Албетте усталар кыйын, бирок үндү уга билиш өтө татаал. Өзүбүз комузчу болгондон кийин кайсы жери кандай болсо, үнү жакшы чыгарын жакшы билебиз. Ошол артыкчылыгыбыз жардам болот деп үмүттөнүп жатабыз.
— Кесипкөйлөр колдонгон комуздар канча турат?
— 10-15 миң сомдон башталат. Өзгөчө бир комузум бар, кичинекей. Аны скрипка жана комуз жасаган, колунан көөрү төгүлгөн уста Турат Акуновдон 40 миң сомго сатып алгам. Өзгөчө дегеним, өзүнчө тарыхы бар. Турат аба келинчеги кош бойлуу кезинде курсактагы баласына арнап чааптыр, кооздоп, кол өнөрчүлүгүн кошуп, сүйүүсүн арнаганы көрүнүп турат. Бир жолу устаканасына барсам, чертип көрчү деп берди. Мага абдан жакты, үнү кубулжуган, колго элпек экен. Мага сатыңыз десем, "сатылбайт, уулума арнап чаптым эле" деп калды. Уулуңуз чертеби деп сурап да ийдим. Көрсө, баласы энесинин боюнан түшүп калган экен. Мен баланын багы ачылбаптыр, эми ушул комуздуку ачылсын. Мен кайда барсам алып жүрөм деп сатып алгам.
— Комузуңузду башкаларга карматмай коймоюңуз жокпу?
— Мен ырымчыл эмесмин, буюмду аяй бербейм. Черте алам деген кишиге берем. Көрсүн, анын эмнеси жаман?
— Негизи комуздарды кантип сактайсыз?
— Жыгач болгондуктан нымды бат сиңирип алчу зат. Андыктан үйдө кургак жерде сактоо керек. Мисалы, шыпка жакыныраак жерлерде, бурчтарда ным көп болот. Бул аспапты 18-20 градустагы бөлмөдө кармаган туура. Айрымдар аны жыгылып кетпесин деп бурчка жөлөп коюшат, бул туура эмес. Комуз билинбегени менен жөлөгөндө акырындан күч келип, ийиле берет. Ал эми ийилген комуздун үнү өзгөрөт.
— Бул кеңешиңиздин кимдир бирөөлөргө пайдасы тийип калар. Закирбек, азыр дүйнө өзгөрдү, музыка, негизи эле чыгармачылыкта жеңил нерселерге басым жасап калдык. Ушундай учурда комузду алып жүрүүнүн түйшүгү болсо керек?
— Ошол жеңил-желпилердин арасынан уккан музыкаңыз барбы?
— Атайылап музыка укпайм. Жумуш катары, үлгү керек болсо гана тыңшайм. Бирок эс алып, ырахат алуу үчүн эмес.
— Анда кандай китептерди окуйсуз?
— Бир сырым бар — китеп деле окубайм. Тарых жана адабият тууралуу сүйлөшүп отурганда кайсы китептерди окуйсуң деп сурап калышат. Мен китеп окубайм, андан көрө китепти көп окуган кишилер менен сүйлөшкөнүм жакшы деп айтам. Көп нерсе билген кишилер менен баарлашканды жакшы көрөм, китеп окуунун оңой жолу ошол болсо керек (күлүп).
— Кантип эс аласыз?
— Балык кармаганды жакшы көрөм. Бирок бирок уулоо үчүн Бишкектин тегерегиндеги көлчүктөрдөгү балыкты эмес, туулуп-өскөн жерим Суусамырга барам. Ал жакта балык көп, суусу таза.
— Тоонун суусунан балык кармоонун өз ыкмасы бар да?
— Анда балыкты жакшы бышырсаңыз керек?
— Чыгармачыл адамда тамак жасаганда дагы фантазия күчтүү болот экен. Бардык түрлөрүн жасай алам.
— Спорт менен машыгасызбы?
— Таэквондо менен тогуз жыл машыккам. Бардык курлардын ээси болгом. Курлардан жогору дандар бар. Эң жогоркусу — тогузунчу дан. Мен экинчисин багындыргам. Бирок андан соң колумду кокустатып алып, бул спорттон кетүүгө туура келди.
— Маектин аягында жеке турмушуңуз тууралуу айтып берсеңиз. Азыр башыңыз бош экенин билебиз, жашооңузда жар болчу адам кезиге элекпи?
— Жок, азырынча эч ким пайда боло элек. Жаңы турмуш тууралуу ойлонгон, шашкан жокмун.
— Бир маегиңизде чыгармачылык менин жашоом деп айткан экенсиз. Өзүңүздү чыгармачылыкка арнап коюп, жеке турмуш калып калат деген коркунуч жокпу?
— Антип коркпойм. Жараткан маңдайыма жазган нерсени көрөм да. Ооба, чыгармачылыгым баалуу, бирок мен эч нерсеге баш-отум менен кирбейм, сөзсүз чек коем.