Үлгүрүш керек... Ооруканада жаткан Камчыбек Ташиев үн катты

Ташиев Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатканы 26-ноябрда белгилүү болгон. Анын диагнозу жана ооруканага качан жаткырылганы кабарланган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ооруканада жатат деген УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев абалы боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үн катты.

Ал ооруканага жатканын жашырганы менен үч күндөн кийин билинип калганын айтып, колдогондорго ыраазычылык айткан.

"Миңдеген адамдар дуба кылып, каалоолорун айтышты. Мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым. Бардыгыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем, ырахмат айтам. Эми өзүмдүн диагнозумду билем. Менин өмүрүм кыргыз элимдики. Эми мындан да катуураак иштеймин, үлгүрүш керек... ", — деп жазган Ташиев.

Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатканы 26-ноябрда белгилүү болгон. Диагнозу жана ооруканага качан жаткырылганы кабарланган эмес.