Кышында унаадагы күйүүчү майды үнөмдөөнүн жолу айтылды

Унаадагы ашыкча жабдыктарды, маселен, үстүндөгү жүк коюучу шайманды алып салуу керек. Унааны туура айдоо дагы маанилүү жагдай экени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. – Sputnik. Россиядагы "За рулем" журналы кышында унаада күйүүчү майды кантип үнөмдөөнүн жолун жазганын РИА Новости кабарлады.

Кышкысын унаанын кыймылдаткычын кызытуу, салонду жылытуу жана жолдогу катаал абал сыяктуу көрүнүштөргө күйүүчү май чыгым болот.

Биринчиден, унаанын үстүндөгү карды тазаламайынча кыймылдаткычты от алдырбай туруу керек. Ошондой эле унаа ордунан жүрүп баштаганда катуу айдаганга болбойт.

Дүйнөдөгү эң бышык автоунаалар аталды. Рейтинг
Экинчиден, унаанын кузовундагы карды тазалоо зарыл. Анткени унаанын жүрүшү жана аба басымы жеңил болот. Унаанын дөңгөлөгүнүн басымын көзөмөлгө алуу да маанилүү.

Дөңгөлөктүн басымынын төмөн болушу аласалып кетүү коркунучуна жана күйүүчү майдын ашыкча чыгымына алып келет.

Күйүүчү майды үнөмдөө үчүн унаа-төшөнчө (автоодеяло) пайдаланууга болот. Ал кыймылдаткычты кыска убакта кызытууга өбөлгө болот.

Мындан сырткары, унаадагы ашыкча жабдыктарды, маселен, үстүндөгү жүк коюучу шайманды алып салуу керек. Унааны туура айдоо дагы маанилүү жагдай экени айтылат.