Кыргызстанда көбүнчө кайсы курактагылар кылмыш кылат. Статистика

Өлкөдө өткөн жылы кылмыш жасагандардын дээрлик 35 пайызы 30 жашка чейинки жаштар болду. Жасалган бардык кылмыштардын жарымынан көбү каракчылык, тоноо жана уурулукка туура келет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда кылмыш кылгандардын басымдуу бөлүгүн 29 жаштан жогорку курактагы жарандар түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Кудаяров: адам сатуу боюнча козголгон кылмыштардын көбүндө ымыркайлар сатылган
Маалыматка караганда, жалпы кылмыш кылгандардын 65 пайызынын жашы бул курактан (29) жогоркулар. Андан кийинки орунда 18-24 жаштын (16 пайызы) ортосундагылар. Ал эми 25-28 жашында кылмыш кылган жарандар 13 пайызды түзөт.

Калганы жашы жете электе, тагыраагы, 14-17 жашында мыйзам бузган жаш балдар.

Аял-эркекке бөлүп карай турган болсок, күнөөсү сотто аныкталгандардын 82,5 пайызы эркектер.

Жасалган бардык кылмыштардын жарымынан көбү каракчылык, тоноо жана уурулукка туура келет.