БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты аяктаганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 23-ноябрдан 28-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.
Турнир Эл аралык бокс ассоциациясынын (АИБА) эрежеси менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда уюштурулган.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу мелдеш көрүүчүлөрү жок өттү.
Кыргызстандын чемпионатына Бишкек менен Ош шаарларынан жана жети облустан 120 спортчу катышты.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
Кыздар
57 килограмм
- 1-орун — Шахриза Халилова;
- 2-орун — Зухра Курманаева;
- 3-орун —Айгүл Абдувахид кызы менен Нуржамал Гапарова.
60 килограмм
- 1-орун — Бегайым Акбалаева;
- 2-орун — Айдай Аскерова.
Эркектер
49 килограмм
- 1-орун — Мирлан Түркбай уулу;
- 2-орун — Асылбек Аманкул уулу;
- 3-орун — Бактыбек Садырбек уулу менен Анвар Ходжиев;
52 килограмм
- 1-орун — Азат Үсөналиев;
- 2-орун — Нуржигит Дүйшөбаев;
- 3-орун — Ислам Маров менен Жакшылык Тилек уулу.
57 килограмм
- 1-орун — Акылбек Эсенбек уулу;
- 2-орун — Мунарбек Сейитбек уулу;
- 3-орун — Санжар Сейдакматов менен Жеңишбек Белашаров.
60 килограмм
- 1-орун — Мирзохид Имамназаров;
- 2-орун — Хусниддин Пратов;
- 3-орун — Темирлан Нурлан уулу менен Камчыбек Зундунов.
63 килограмм
- 1-орун — Дмитрий Пучнин;
- 2-орун — Султан Асанкул уулу;
- 3-орун —Нурсади Иминджанов менен Рыспек Бектенов.
69 килограмм
- 1-орун — Сыргак Абдижапар уулу;
- 2-орун — Өмүрбек Маманов;
- 3-орун — Нурадин Рустамбек уулу жана Жакшылык Таалайбеков.
75 килограмм
- 1-орун — Өмүрбек Бекжигит уулу;
- 2-орун —Жаркынбек Туратов;
- 3-орун — Данияр Дамирдин уулу менен Адилет Батыралиев.
81 килограмм
- 1-орун — Эркин Адылбек уулу;
- 2-орун — Бакыт Токтосун уулу;
- 3-орун — Айдар Азамат уулу жана Керимбай Эркинов.
91 килограмм
- 1-орун — Рустам Ырысбек уулу;
- 2-орун — Ильяр Ахметов;
- 3-орун — Самат Жумалиев менен Баяман Ильясов.
91 килограммдан өйдө
- 1-орун — Бекболсун Токтосун уулу;
- 2-орун — Сергей Паренко;
- 3-орун — Али Бабаев.
Мындан сырткары, "Мыкты боксчу" наамын Дмитрий Пучнин, "Мыкты калыс" наамын Мукаш Ырсалиев жана "Мыкты машыктыруучу" наамын Кенжебек Акелбаев алган.