Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылды. Сүрөт

Алгач имарат мектеп катары колдонууга берилген, коронавирус күчөгөндөн кийин оорукана катары иштетүү буйругу чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Өзгөн менен Араванда эки төрөт үйү пайдаланууга берилди
Ага ылайык, аталган имарат 1996-жылы курулуп бүткөн. 1999-жылы орто мектеп катары колдонууга берилген. Пандемиялык кырдаалда зарылчылыктан улам кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп-түзөө, жабдуу жумуштары толук бойдон жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан каржыланып, жеке демилгелер менен ишке ашырылды.

Учурда толук бүтүп, жабдылган портативдүү рентген да орнотулду. Оорукана коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптарды кабыл алат.

Эскерте кетсек, өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдураимов ушул айдын башында курулуш иштеринен кабар алган.