БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдарда, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарттар каралган.
Буга чейин ашууларда кар калыңдап, 15 сантиметрден ашканын, трассанын тайгак жерлерине тиешелүү каражаттар себилип жатканын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирген.